1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Чомоков Оралбек Канатбековичтин талапкерлигине 2025-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтери-бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна сунушталган Капарова Арчагул Эсенгельдыевнанын талапкерлигине 2025-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «КСБ Коммерциялык Банк» жабык акционердик коому тарабынан «КСБ Коммерциялык Банк» ЖАКтын ички аудит бөлүмүнүн начальниги кызмат ордуна сунушталган Турсуналиев Мирбек Табалдиевичтин талапкерлигине 2025-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевичтин талапкерлигине 2025-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.