Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 16-сентябрынан кечиктирбестен eaysarakunov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.