Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Ишкер аялдарды каржылоо кодексинин ишке киргизүүнү демилгелейт 

2025-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Ишкер аялдарды каржылоо кодексин расмий ишке киргизүү аземин өткөрдү. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен өнөктөштүктө иштелип чыккан бул стратегиялык демилге финансылык кызматтардын аялдарга жеткиликтүү болушун жогорулатууга жана алардын экономикалык потенциалын толук ишке ашырууга багытталган. 

Иш-чарага Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев, Кыргыз Республикасындагы, Тажикстан Республикасындагы жана Түркмөнстандагы ЕРӨБдүн аймактык башчысы Айтен Рустамова, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов, банк коомчулугунун өкүлдөрү жана ишкер аялдар катышты. 

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өзүнүн кириш сөзүндө мындай демилгенин макроэкономикалык маанисин баса белгиледи. «Аялдардын ишкердигин колдоо тар чөйрөдөгү маселе эмес, ал улуттук экономикалык стратегиянын негизги компоненти болуп саналат. Чакан жана орто бизнес секторуна ишкер аялдардын кошкон салымы маанилүү, бул өлкөбүздүн ИДӨсүнүн ири бөлүгүн түзөт. Жакында эле «аялдардын ишкердиги» түшүнүгү мыйзамдуу түрдө бекитилген Кодекстин ишке кириши финансы секторунун ресурстарын топтоо, аларды экономиканын стратегиялык маанилүү сегментин өнүктүрүүгө багыттоо үчүн бекем институционалдык негизди түзөт», деп белгиледи М. Тургунбаев. 

Иш-чарада ишкер аялдарга кредиттин жеткиликтүү болушун жөнөкөйлөтүүгө, каражатты берүүгө финансылык уюмдарга дем берүүгө багытталган негизги өзгөртүүлөр сунушталды, анын ичинде:  

- бланктык кредиттерге талапты эсептөөдө чек коюлган лимиттерди жогорулатуу менен күрөөсүз кредиттөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди;  

- резервдерди түзүүгө талаптар төмөндөтүлдү: аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган программалардын алкагында берилген кредиттер боюнча 1% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулар менен чыгымдардын ордун жабууга финансылык мекемелерге мүмкүндүк берген норма киргизилди. 

«Биздин иш-аракеттер чакырык эмес, иштеп жаткан рынок механизмдерин түзүү. Улуттук банк өз милдеттенмелерин ырастайт жана ишкер аялдарды каржылоо бүтүндөй банк сектору үчүн стратегиялык жана коммерциялык жагымдуу боло турган экономикалык негизделген шарттарды түзөт. Бул узак мөөнөттүү институционалдык иш», деп жыйынтыктады М. Тургунбаев. 

Улуттук банк бардык катышуучулардын иш-аракеттеринин бирдей иштешин жана прогресске мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу менен Кодекс боюнча Улуттук коалициянын ишин координациялайт.  

Гендердик ажырым маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын ишке киргизүү эң маанилүү компонент болуп саналат, бул келечекте иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген жөнгө салуучу жана саясий чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.  

Кодекске өлкөнүн он алдыңкы финансылык институту, анын ичинде жети коммерциялык банк, эки микрофинансылык уюм жана «Кепилдик фонду» ААК расмий кирди.