Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 3-июлунан тартып 17-июлун кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:  

- Бишкек шаары Кожевенная көч., 1, Чымкент токтотуучу жайы, № 16 б дареги боюнча жайгашкан «Назира Кей Джи» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 21-декабрындагы № 6438 лицензиясы;  

- Бишкек шаары, Кожевенная көч, 1, 3-киоск, түндүк өтмөгү, 84-соода оруну дареги боюнча жайгашкан «Восток Шамшыкал» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 18-июлундагы № 6326 лицензиясы.