Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2025-жылдын 5-июнунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Козубеков Азаттын катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн үчүн (мындан ары – ЖМК) «Заманбап чакырыктар шартында Улуттук банктын алып барган иши» темасында семинар болуп өттү.
Азат Козубеков өзүнүн алгы сөзүндө Улуттук банк ЖМК өкүлдөрү менен өз ара иш алып барууга жана кызматташууга чоң маани берерин белгиледи.
«Биздин биргелешкен ишибиз калк менен натыйжалуу байланыш түзүүгө, жарандарга кыйла маанилүү жана пайдалуу маалыматты өз убагында жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Биз ар дайыма баарлашууга жана пикир алмашууга даярбыз» – деп Улуттук банктын төрагасынын орун басары белгиледи.
Семинардын жүрүшүндө журналисттерге Улуттук банктын негизги иш багыттарына арналган презентациялар көрсөтүлдү, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, банк жана төлөм системаларындагы жагдай, банк кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү жана жарандарды алдамчылыктан коргоо ж.б. тууралуу маалымат берилди.
Иш-чара баарлашуу форматында өттү. ЖМК өкүлдөрү кызыктырган суроолорун берип, аларга Улуттук банктын өкүлдөрү толугу менен жооп беришти.