Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 16-майында Эл аралык музей күнүнө карата Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү

Музейдин коноктору улуттук валютанын түптөлүшү жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу Жибек жолу өркүндөгөн мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына байланыштуу экспозиция жана Улуттук банк тарабынан 1995-2025-жылдар аралыгында чыгарылган коллекциялык монеталар менен таанышып чыгышты. 

Ошондой эле келген конокторго улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү баскычтары жана коргоо белгилери тууралуу лекция окулду.