Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилген күнүнө карата, 2025-жылдын 15-майында Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын журналисттеринин катышуусу менен Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында Жалал-Абад шаарынын Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 1–курсунун студенттерине лекция өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге улуттук валютабыз – сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары тууралуу айтып беришти.
Лекциянын катышуучулары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле Улуттук банктын өкүлдөрү Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын журналисттерине өткөрүлүп жаткан иш-чара тууралуу интервью беришти.