Глобалдуу акча жумалыгы2025 иш-чарасынын алкагында, 2025-жылдын 8-апрелинен тартып 14-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун медициналык мекемелеринин кызматкерлери үчүн, Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы А.Таабалдиев атындагы, Орто-Нура айылындагы Б.Бекжанов атындагы жана Дөбөлү айылындагы Ө.Токтосунов атындагы орто мектептеринин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү.   

Лекция учурунда медициналык кызматкерлер менен окуучуларга акча каражаттарын үнөмдөө, көбөйтүү жолдору, финансылык коопсуздук тууралуу жана улуттук валютанын өнүгүү этаптары тууралуу маалыматтар берилди