Валюта рыногундагы жагдай жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк секторундагы жана валюта рыногундагы жагдай боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.   

Биздин өлкөнүн валюта рыногундагы жагдай дүйнөдөгү геосаясий жагдайдын жана тышкы рыноктордогу белгисиздик орун алган кырдаалдын таасири астында өнүгөт.  

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана кризистин алгылыксыз натыйжаларын минималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коммерциялык банктардын, алмашуу бюролорунун жана микрофинансылык уюмдардын накталай АКШ долларын өлкөдөн сырткары чыгарып кетүүсүнө тыюу салууну кошо алганда, кризиске каршы бир катар чаралар көрүлгөн. Бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында капиталдын эркин жылышы каралган, бул чет өлкө валютасын жеке адамдар жана юридикалык жактар өлкөгө/өлкөдөн эркин алып келүүгө/чыгууга боло тургандыгын түшүндүрөт.  

Накталай АКШ долларынын учурдагы тартыштыгына кошумча фактор болуп, аны өлкөгө алып келүүнүн логистикалык байланышынын бузулушу жана айрым адамдар тарабынан валюталардын курстук айырмадан пайда табуу максатында алып сатарлык операцияларды жүргүзүүлөрү саналат.  

Бүгүнкү күндө айрым жергиликтүү коммерциялык банктар накталай АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу үчүн накталай чет өлкө валютасын алып келүү боюнча операцияларды жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда, накталай акчаны жеткирүү үчүн логистикалык байланыштын татаалдыгы алардын акыркы наркына таасир этет. 

Коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматка ылайык, АКШ долларын накталай акчага айландыруу үчүн комиссиялык төлөм өлчөмү накталай акчага айландырылган чет өлкө валютасынын суммасынан 0,5 пайыздан 4 пайызга чейинкини түзгөн. Мында, банк мыйзамдарында коммерциялык банктар керектөөчүлөр үчүн маалыматтын ачык жарыяланышын жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды жана тарифтерди өз алдынча белгилөө каралган.  

Улуттук банктын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлгөн тиешелүү курстан айырмаланган курс боюнча сатып алууга жана сатууга тыюу салынгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Чет өлкө валютасы бар болсо валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү.  

Накталай эмес чет өлкө валютасы менен операциялар коммерциялык банктар тарабынан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын талабы боюнча кандай болбосун көлөмдө жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. 

Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турат.  

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана валюталык операцияларды жүргүзүү жана кардарларды тейлөө жагында Улуттук банктын талаптарын бузууга жол бербөө максатында, Улуттук банк туруктуу негизде банктардын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине пландан тышкары (рейддик) жана план боюнча инспектордук текшерүүлөрдү туруктуу негизде жүргүзүп турат.  

2022-жылдын башынан тартып коммерциялык банктарда 131 текшерүү жүргүзүлгөн, натыйжада 60 жазма буйрук, 31 эскертүү жана 13 сунуш-көрсөтмө берилген. Анын ичинде 2022-жылдын ноябрь айында 10 коммерциялык банкта текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгы жөнүндө 9 жазма буйрук берилген.  Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктарга банк кардарларын тейлөө сапатын жакшыртуу, калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн нак чет өлкө валютасынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу сунуш-көрсөтмөлөр берилген.  

Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алганга чейин тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулат. 

Мындан тышкары, укук коргоо органдары менен биргеликте Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган жактардын алып сатарлык иш-аракеттерине жол бербөө максатында, иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.  

2022-жылдын башынан тартып 121 алмашуу бюросуна жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган жактарга 54 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы үчүн, 241 жазма буйрук жөнөтүлүп, алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 47 жолу убактылуу токтотулган, 6 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. Ошондой эле 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 1 265,0 миң сом) жана 39 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 682,5 миң сом) айып пул салынган. 

Мындан тышкары, Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарын кошо алганда, коммуникациянын бардык каналдарын колдонуп, маалыматты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштыруу аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүп келет. 

Калкты талаптагыдай банктык тейлөө, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу финансылык кызмат көрсөтүү боюнча жарандардын кайрылууларын тез карап чыгуу максатында, Улуттук банктын коомчулук менен кайтарым байланыш каналдары WhatsApp-каналы түрүндө кеңейтилген.  

Зарыл болгон ыкчам маалыматты/консультацияларды телефон аркылуу алуу үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефону, Улуттук банктын 0501 89 00 00 WhatsApp-каналына, ошондой эле финансы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча 0 312 61 45 78 жана 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 мобилдик номерлери аркылуу кайрыла алышат. 

Улуттук банк туруктуу негизде кырдаалга байкоо жүргүзүп жана контролдоп турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк ишинин жана төлөм системасынын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт.