Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин  

30 жылдыгына арналган  

«Сом Кыргызстандын жүзү» темада балдар арасында сүрөт/кол өнөрчүлүк боюнча республикалык чыгармачылык сынак өткөрүү  

тартиби 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 7-11 жаш курактагы балдар арасында «Сом Кыргызстандын жүзү» темада республикалык сынак (мындан ары сынак) өткөрөт. 

1.2. Сынакка даярдалган эмгектер берилген тематика боюнча сүрөттөр/кол өнөрчүлүк түрүндө берилет. 

1.3. Сынактын максаттары: 

- балдардын жана жаштардын улуттук валютага карата аяр мамилесин калыптандыруу; 

- финансылык сабаттуулук маселелерине балдардын жана жаштардын көңүлүн буруу; 

- жаштардын чыгармачылык жигердүүлүгүнө дем берүү, Улуттук банктын иши боюнча коомчулуктун кабардар болушун жакшыртууга жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүү

1.4. Сынак боюнча эмгектердин темалары: 

- «Сом Кыргызстандын жүзү» / «Сом лицо Кыргызстана». 

- «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» / «Планируй свои деньги, позаботься о своем будущем». 

- «Кыялдар канат байлаганда» / «Когда мечты становятся возможностью». 

 

2. Сынакты өткөрүүнүн тартиби жана шарттары 

 

2.1. Сынак 2023-жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин (материалдар саат 17:00дөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт) өткөрүлөт: 

2.2. Сынак боюнча эмгектерди тандоо этап боюнча жүргүзүлөт. 

I этап. Добуш берүү менен комментарий калтырып эң кызыктуу 30 чыгарма аныкталат. Комментарий калтыруу үчүн төмөнкү шилтемени колдонуу керек: https://drive.google.com/drive/folders/1qXLss7AvYpNF0A5eJMXVuL38XfZyycY3?usp=share_link.  

Добуш берүү күнү

2023-жылдын 4-апрелинен 9-апрелине чейин. 

II этап. Сынактын жеңүүчүлөрүн көз карандысыз комиссия тарабынан аныктоо: 

2023-жылдын18-апрели. 

III этап. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо: 

2023-жылдын 10-майы. 

2.3. Бир автор бир гана материал тапшыра алат. 

 

3. Сынакка материалдарды берүү тартиби 

 

3.1. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү формада онлайн-арыз толтурушу керек: https://forms.gle/GZXWCrxiv8qod2Yb9 (мындан ары google-форма) жана сынакка тапшырыла турган эмгекти төмөнкү тартипте жайгаштыруу/жөнөтүү зарыл: 

3.2. Сүрөт/кол өнөрчүлүк түрүндөгү сынак боюнча эмгектер (скан-документ/фото сүрөт) - Улуттук банктын тармактык ресурсуна иштерди жайгаштыра турган Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүү керек: 

- Ысык-Көл областы nmakeshov@nbkr.kg

- Ош областы - eismanov@nbkr.kg

- Нарын областы - aryskulova@nbkr.kg

- Жалал-Абад областы - uaskarbekov@nbkr.kg

- Талас областы skokoev@nbkr.kg

- Баткен областы - nsaparova@nbkr.kg

- Чүй областы жана Бишкек шаары - dtokmambetova@nbkr.kg

3.3. Сүрөттөр jpeg, png форматында берилет. Сүрөттүн көлөмү 1 Мб, туурасы - 2000 px ашпашы керек. Эмгектер https://finsabat.kg/ интернет галереясына жайгаштырылат. 

 

4. Сынак боюнча эмгектерди тандоо критерийлери 

 

4.1. Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери: 

- идеянын өзгөчөлүгү

- композициясы, 

- түстөрдү шайкеш колдонуу, 

- аткаруу техникасы, 

- жалпы көркөмдүгү

4.2. Сынактарга башка авторлордун эмгектеринин көчүрмөлөрү, автор жөнүндө толук эмес маалымат менен берилген материалдар, ошондой эле ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, же зомбулук көрүнүштөрүн камтыган, курчап турган чөйрөгө жана экологияга зыян келтирген иштер кабыл алынбайт. 

4.3. Тартиптин талаптарына ылайык келбеген эмгектерге сынакка катышууга жол берилбейт жана формалдуу белгиси боюнча четке кагылат.