Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- 2026-жылдын 12-февралынан тартып 14-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары Москва көч., 100-үй, 6-кеңсе дареги боюнча жайгашкан
«К.М.Т групп плюс» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 6284 лицензиясынын аракети;
- 2026-жылдын 12-февралынан тартып 26-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары Ибраимов көч., 57-үй, 21 кв. жана Ош шаары, Масалиев пр., 24/1-110 даректери боюнча жайгашкан «Форекс плюс лтд» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023-жылдын 25-февралында берилген № 6473 лицензиясынын аракети.







