Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2026-жылдын 20-февралынан кечиктирбестен basakeev@nbkr.kg жана btemirbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.







