Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2026-жылдын 34февраль күндөрү төмөнкү алмашуу бюролордун накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды:
- Ош областы, Кара-Суу району, Кызыл Кыштак а/а, Жаңы-Турмуш айылы, (болжол «Достук-Автожол» көзөмөл-өткөрмө пункту) дареги боюнча жайгашкан «Форекс Голд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 11-майындагы № 6290 лицензиясы;
- Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1 дареги боюнча жайгашкан «Азиза ЛТД» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 27-февралындагы № 6719 лицензиясы;
- Ош шаары Алымбек Датка көчөсү, 940а дареги боюнча жайгашкан «Осман» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 23-июлундагы № 6879 лицензиясы;
- Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 643 дареги боюнча жайгашкан «Ойша Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 31-октябрындагы № 6617 лицензиясы;
- Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1 дареги боюнча жайгашкан «Али Умар» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 6518 лицензиясы;
- Ош областы, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак а/а, Андижан айылы, Курманжан Датка көчөсү, н/ж (болжол: Ош автобекети) дареги боюнча жайгашкан «М Юсуф» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 6-мартындагы № 6479 лицензиясы;
- Ош областы, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак а/а, Жаңы-Турмуш айылы (болжол: «Достук-Автожол» көзөмөл-өткөрмө пункту) дареги боюнча жайгашкан «Аманат Береке» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 22-февралындагы № 6471 лицензиясы.







