Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 26-январынан 1-февралына чейин Германиянын Берлин шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү World Money Fair Бүткүл дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө катышты. 

Бүткүл дүйнөлүк акча көргөзмөсү бул дүйнө жүзүндөгү монета өндүрүүчүлөрдү, зерканаларды, улуттук банктарды, техникалык эксперттерди, монета дилерлерин жана нумизматтарды бириктирген дүйнөдөгү эң ири монета көргөзмөсү. Жыл сайын көргөзмөгө 50дөн ашуун өлкөдөн 300гө жакын экспонент катышат. 

Улуттук банк Бүткүл дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө улуттук валюта аркылуу Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын көрсөтүү жана жайылтуу максатында катышып келет. 

Көргөзмөдө Улуттук банктын экспозициясында улуттук валютанын банкноттору жана Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдырган «Тарыхый окуялар», «Кыргыз каганатынын доору», «Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары», «Улуттук музыкалык аспаптар», «Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар», «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары», «Кыргызстандын Кызыл китеби» серияларында чыгарылган коллекциялык монеталары көрсөтүлдү.  

Көргөзмөдө жалпысынан отуздан ашуун ар кандай банкноттор жана монеталар көрсөтүлдү

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары жана банкноттору нумизматикалык коллекционерлердин гана эмес, нумизматика жаатындагы эксперттердин, ошондой эле эксклюзивдүү продукцияга кызыккан көргөзмө коноктору арасында кызыгууну жаратты.