2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Тургунбаев ЭВФтин Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия үчүн потенциалды өнүктүрүү регионалдык борборунун (ЦТП-КЦАМ) директору Хольгер Флёркемайер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын жана келечегин, анын ичинде ЦТП-КЦАМнын техникалык колдоосун жана окутуу иш-чаралары аркылуу потенциалды өнүктүрүүнү талкуулашты.







