Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2026-жылдын 24-январынан тартып 7-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:  

- Бишкек шаары Бөкөнбаев көчөсү, 95 дареги боюнча жайгашкан «Кызыл жылдыз Кей Джи» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 6389 лицензиясынын аракети;  

- Бишкек шаары Абдрахманов көчөсү, 150, 4-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «НАК Кэш» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 28-октябрындагы № 6973 лицензиясынын аракети.