2025-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу жыйын өткөрүлдү.  

Жыйындын алкагында жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги менен айырмаланган, ошондой эле банк системасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон кызматчылар салтанаттуу түрдө сыйланды.  

Банктын жетекчилиги жалпы жамаатка ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарга жетүүдө Улуттук банктын кызматчыларынын ролунун маанилүү экендигин баса белгиледи.