2025-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштердин жыйынтыгы талкууланып, Улуттук банктын алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү багытындагы, анын ичинде, кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу механизми боюнча иш-чараларына жана калк арасында маалымат берүү-агартуу боюнча кийинки жылга иш-чаралар планына өзгөчө көңүл бурулду.







