Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтомдун долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтомдун долбоору бланктык кредиттердин аныктамасын тактоого, ошондой эле ишкердик ишмердүүлүккө багытталган күрөөсүз (бланктык) кредиттөөнү стимулдаштыруу максатында белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин өркүндөтүүгө багытталган.
Токтомдун долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2026-жылдын 12-январына чейин кечиктирбестен momuraliev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.







