1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү, 49 дареги боюнча жайгашкан «Аскар Кэш» алмашуу бюросу ЖЧКнын
2023-жылдын 21-июнундагы № 6539 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 26-декабрынан тартып 2026-жылдын 9-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.







