Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк), Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 17-декабрындагы № 2025-П-14/67-5-(НПА) токтому менен (мындан ары – токтом) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр бекитилгендигин маалымдайт.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтына «Банк иши тууралуу мыйзамдар» → «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүмүнө жайгаштырылган.







