Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) көмөгү менен 2025-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасында санарип финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулоого арналган тегерек стол маегин өткөрдү.
Иш-чарага «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, коммерциялык банктардын, Виртуалдык активдер рыногунун катышуучулары ассоциациясынын, Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле IFC жана Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Тегерек стол маегинин жүрүшүндө санарип финансылык технологиялар, анын ичинде санарип төлөмдөр жана инновациялык төлөм чечимдерин, финансы рыногунун инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле IFCнын QR-төлөмдөрдү изилдөө чөйрөсүндө учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана тенденциялар көрсөтүлдү. Катышуучулар ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжаларын, учурдагы көйгөйлөрдү жана финтехти андан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, виртуалдык активдер рыногунун тенденцияларын жана аларды жөнгө салуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү С.К. Абдыгазиев заманбап финансылык технологияларды ишке киргизүү максатында Улуттук банк жөнгө салуучу жана институционалдык шарттарды түзүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ал бардык кызыкдар тараптар – жөнгө салуучу, банктык жана банк эмес уюмдар, финтех-компаниялар, IT-коомчулугу жана академиялык чөйрө өз ара тыгыз иш алып баруусу маанилүү экендигине көңүл буруп, катышуучуларды инфраструктураны модернизациялоону, жаңы стандарттарды жана технологияларды киргизүүнү, ошондой эле жакынкы келечекте финтехти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну кошо алганда, инновациялык продуктыларды жана чечимдерди жөнгө салуу жана өнүктүрүү ыкмаларын биргелешип иштеп чыгуу үчүн күч-аракетти бириктирүүгө чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Кыргыз Республикасынын технологиялык жактан өнүккөн жана туруктуу санарип финансы экосистемасын ырааттуу түзүү үчүн бардык кызыкдар тараптар туруктуу негизде тыгыз иш алып баруусу жана иш-аракеттерин координациялоосу маанилүү экендигин белгилешти.







