Региондордо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын кызматкерлери академик Ү.Асанов атындагы Нарын областтык жатак мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү.   

Лекциянын жүрүшүндө окуучуларга каражат топтоонун маанилүүлүгү, аны сактоо ыкмалары, финансылык коопсуздук жана улуттук валютанын өнүгүү этаптары тууралуу маалыматтар берилди