1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Капитал Банк»ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы/Аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Бекназартегин Алмаздын талапкерлигине 2025-жылдын 18-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Куандыков Ануар Абуовичтин талапкерлигине 2025-жылдын 18-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.







