Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте 2025-жылдын 12-декабрында «Финансы секторунда алдамчылыкка каршы аракеттенүү жана киберкоопсуздукту камсыздоо» темасында тегерек стол маегин өткөрдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын жарандарын алдамчылыктан коргоо жана калктын киберсабаттуулугун жогорулатуу максатында, координацияланган өз ара иш алып баруу механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Тегерек стол маегинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткаруу жана финансы-кредит сектору үчүн мыйзам ченемдерин ишке ашыруу, коммерциялык банктардагы, төлөм уюмдарындагы жана микрофинансылык уюмдардагы алдамчылыкка каршы системаларга (антифрод-системаларга) карата минималдуу талаптар, ошондой эле финансылык коопсуздук боюнча сабактарды мектептик билим берүүгө киргизүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, “Кыргызстан банктарынын союзу” юридикалык жактар бирикмесинин, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын, Байланыш операторлору ассоциациясынын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, коммерциялык банктардын, төлөм уюмдарынын, кредиттик бюронун жана байланыш операторлорунун өкүлдөрү катышты.







