Алдамчылар Улуттук банктын логотиби жана Улуттук банктын төрагасы М.Тургунбаевдин кол тамгасы коюлган жасалма документти мессенджер аркылуу таратып жатышкандыгын жана бул документ анык эместигин маалымдайбыз. 

Улуттук банк жарандарга мессенджер аркылуу расмий документтерди жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарга кызмат көрсөтпөй тургандыгын эскертебиз.  

Мындай билдирүүлөрдүн негизинде эч кандай төлөмдөрдү жүргүзбөңүз жана мындай маалыматтарды Улуттук банктын расмий каналдары аркылуу тактасаңыз болот.  

Эгерде сизге карата алдамчылык иш-аракети жүргүзүлгөндүгүн түшүнсөңүз, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкү каналдар аркылуу кайрылсаңыз болот:  

- коомдук кабылдама: 0312 61 06 67.  

- WhatsApp каналы: 0501 89 00 00.