Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коопсуздук системаларынын комплекстерин долбоорлоо, коопсуздук системаларынын компоненттерин жеткирүү, монтаждоо жана техникалык камсыздоо боюнча кызматтарды көрсөткөн Кыргыз Республикасынын уюмдары үчүн аккредитация жүргүзөт. 

Аккредитацияга катышуу үчүн төмөнкү анкеталар толтурулууга тийиш:  

- Аккредитацияга арыз;  

- Юридикалык жак жөнүндө маалымат;  

- Минималдуу квалификациялык талаптар. 

Толтурулган анкеталарды 2025-жылдын 26-декабрында саат 14:00дөн кечиктирбестен abukarenko@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл. 

Анкеталарды жана керектүү маалыматтарды алуу үчүн abukarenko@nbkr.kg электрондук почтасына жана +996 (312) 66 90 76; 61-52-80 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот.