1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 3-декабрындагы чечими менен «Берекет Банк» ЖАКка улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилгендигин билдирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 3-декабрындагы чечими менен «Айыл Банк» ААКка башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар жана жогорку сапат белгисине ээ күмүш, алтын, платинадан монеталар түрүндөгү баалуу металлдар менен накталай формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет.