Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮСҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды чагылдыруу жана кеңири жайылтуу максатында 2025-жылдын 8-декабрынан тартып «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясындагы «Тушоо кесүү» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
«Тушоо кесүү» – бүгүнкү күндө да эл арасында кеңири колдонулуп келе жаткан, кыргыздын байыркы ырым-жырымдарынын бири. Бул ырым, бала өз алдынча басууга алгачкы кадамын таштаганда жасалат. Илгертен бери эле ата-эне бул жөрөлгөнү сөзсүз түрдө там-тум баскан бала бутуна бекем турушу жана анын кийинки өмүр жолу бактылуу жана ийгиликтүү болушу үчүн жасашы керек деп эсептешкен.
Бутуна байланган ийрилген жиптин үзүгү менен өз алдынча биринчи кадамдарын жасап жаткан баланын сүрөтү монетанын негизги сюжети болуп саналат. Анын сол жагында ата-энеси, оң жагында боз үй жана тушоо кесүү ырымына арналган жарышта чуркап келе жаткан балдар чагылдырылган. Монетанын жогору жагында «Тушоо кесүү» жазуусу түшүрүлгөн. Сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 g), оң жагында «10 сом» номиналы көрсөтүлгөн.
Монетанын арткы бетинде ийрилген жип (аркан) менен курчалган Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн, анын жогорку бөлүгүндө бутунда бекем жана ишенимдүү турган, калпак кийген канаттуу баланын стилдештирилген сүрөтү жайгашкан.
Монетаны тегерете «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлгөн. Төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыгарылган жылы (2025) көрсөтүлгөн.
«Тушоо кесүү» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Монетанын мүнөздөмөлөрү
|
Аталышы |
Тушоо кесүү |
|
Номиналы |
10 сом |
|
Металлы (сапат белгиси) |
Ag 925 |
|
Диаметри (мм) |
38,61 |
|
Салмагы (г) |
28,28 |
|
Сапаты |
Proof |
|
Нускасы (даана) |
1000 |
Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 6 940,00 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу да сатылат.







