2025-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бенефициардык менчик ээлерине тиешелүү маселелер боюнча окутуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана Улуттук банктын кызматкерлери катышты. 

Окутуунун алкагында бенефициардык менчик ээлерин идентификациялоонун эл аралык стандарттары каралып, иш жүзүндө көнүгүүлөр жүргүзүлдү

Окутууга Дүйнөлүк банктын эксперти катышты.