Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2025-жылдын 3-декабрында № 2025-П-12/64-5-(ПС) «Акча которуулар боюнча комиссиялык сый акы алууга убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө» токтом (мындан ары токтом) кабыл алынды.  

Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына эсеп ачпастан эл аралык акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн акча которууларды Кыргыз Республикасынын аймагында алууда акча которууну алуучулардан комиссиялык сый акы алууга тыюу салынат.  

Токтом керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана калк үчүн эсеп ачпастан эл аралык акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн акча которууларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган: www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Банк мыйзамдары / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору.