Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2025-жылдын 3-декабрында № 2025-П-12/64-5-(ПС) «Акча которуулар боюнча комиссиялык сый акы алууга убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө» токтом (мындан ары – токтом) кабыл алынды.
Токтом менен 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына кардарлардан – жеке адамдардан Кыргыз Республикасынын ичинде улуттук валютада мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акы (комиссиялык төлөм) алууга тыюу салынат.
Токтом калк үчүн санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган: www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Банк мыйзамдары / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору.







