1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн: 

- Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, н/ж, борбордук базар дареги боюнча жайгашкан «Валюта ММА» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын  

21-сентябрындагы №6362 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 25-ноябрынан тартып 1декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду; 

- Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 405 дареги боюнча жайгашкан «Валюта Групп» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 8-августундагы №6337 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 25-ноябрынан тартып 4-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду; 

- Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 403/1 дареги боюнча жайгашкан «Глобал Валюта» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023-жылдын 31-майындагы №6533 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 26-ноябрынан тартып 5-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 

2. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Ош областынын Өзгөн районунда жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.