Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн:
- Бишкек шаары Абдрахманов көчөсү, 105, 7-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «МЭФФ КЭШ» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 29-декабрындагы № 6446 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 26-ноябрынан тартып 2-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына;
- Бишкек шаары Москва көчөсү, 73-үй, 1-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Баланс ЛТД» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 14-октябрындагы № 6962 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 26-ноябрынан тартып 5-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.







