Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанга келип кетти
2025-жылдын 12-19-ноябрынын аралыгында Дмитрий Гершенсон мырзанын жетекчилиги алдында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы Кыргыз Республикасында иш сапарында болду.
ЭВФ миссиясынын иш сапарынын максаты 2026-жылдын жаз мезгилине пландаштырылган ЭВФтин Макулдашуу статьяларынын IV статьясына ылайык консультацияларга даярдануу максатында Кыргыз Республикасындагы макроэкономикалык жагдайга баа берүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаев ЭВФтин командасы менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Улуттук банктын акча-кредит саясатын, өлкөнүн финансы секторун өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле тышкы таасирлер орун алган шарттарда макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулашты.







