Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА) «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоорунда жашыл каржылоо продуктулары жана гендердик дезагрегацияланган маалыматтарды топтоо үчүн, коммерциялык банктардын регулятивдик банктык отчетуна толуктоолор, ошондой эле коммерциялык банктардын регулятивдик банктык отчетунун айрым бөлүктөрүн берүү мөөнөттөрүн өзгөртүү каралган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 5-декабрынан кечиктирбестен ktashtanaliev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.







