Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) төмөнкү бөлүктөр боюнча коомдук талкууга сунуштайт:
- микрофинансы уюмдарды, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансы уюмдарды (мындан ары – МФУ) жөнгө салуу эрежелери;
- МФУнун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун формалары;
- гарантиялык фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери.
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 4-декабрынан кечиктирбестен msatybaldieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.







