1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош шаарынын аймагында накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 2 (эки) жаранынын ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.







