Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Баткен областында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (А.З.Х.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.