2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Алматы шаарында өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Валюта саясаты боюнча консультативдик кеңешинин 29-жыйынына катышты.
Отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин учурдагы экономикалык абалы жана акча-кредит саясатынын ишке ашырылышы, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө санарип финансылык активдерди жана виртуалдык активдер чөйрөсүн (криптовалюталарды) жөнгө салууга байланышкан маселелер талкууланды.







