2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Казакстан финансисттеринин XIII конгрессине катышты.
Конгресстин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын жетекчилери менен бирге «Экономикалык туруксуздук жана санариптик трансформация шарттарында финансылык системалардын өнүгүүсү» темасында талкууда сөз сүйлөдү. Улуттук банктын башчысы М.Тургунбаев өз сөзүндө учурда жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, төлөм системаларынын өнүгүүсү, ошондой эле санарип сомду колдонууга киргизүү келечеги маселелери боюнча маалымат берди.
Улуттук банктын башчысы Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүк туруктуу жогору арымда сакталып тургандыгын, ошол эле учурда, экономиканын мындай өсүш арымы сөзсүз түрдө инфляциялык басым менен коштоло тургандыктан жөнгө салуучу орто мөөнөттүү келечекте баа туруктуулугун камсыз кылуу максатында салыштырмалуу катуу монетардык шарттарга таяна тургандыгын белгиледи.
Финансы системасын санариптик трансформациялоо жөнүндө сөз кылып жатып Улуттук банктын төрагасы санарип сомду ишке киргизүү жагында жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги баскычтарын белгилеп, санарип валюта келечекте чыгымдарды кыйла азайтуу, эсептешүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана финансылык операциялардын ачык жүргүзүлүшүн жогорулатуу жагында олуттуу потенциалга ээ экендигин баса белгиледи.







