1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Азия Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Азия Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Алыбаева Салтанат Курулушбековнанын талапкерлигине 2025-жылдын 13-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын башкы бухгалтер кызмат ордуна сунушталган Кадыркулова Назгуль Асанбековнанын талапкерлигине 2025-жылдын 13-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Асанов Салават Замирбековичтин талапкерлигине 2025-жылдын 13-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.