Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 12-ноябрында № 2025-П-12/60-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алган.
Токтом банктардын, анын ичинде байланыштуу жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүргүзүүдө кредиттик саясатын жүзөгө ашыруусу, күрөө мониторингинин механизмдерин өркүндөтүү, банктардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү, банктар тарабынан «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрү боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк /Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.







