Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2025-жылдын 28-октябрынан 31-октябрына чейин Дүйнөлүк акча каражат топтоо күнү – 2025 иш-чарасынын алкагында, Талас областынын Талас районунун Арал айылынын К.Нанаев атындагы орто мектебинин, Айтматов районунун Кара-Буура айылынын А.Умарбеков атындагы орто мектебинин, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын Б.Сатыбеков атындагы орто мектебинин жана Манас районунун Жийде айылынын Жийде орто мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү.
Лекцияда улуттук валютабыз – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, ошондой эле QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, телефон чалуу аркылуу алдаган шылуундардан сак болуу чаралары жөнүндө маалымат берилди.







