үйнөлүк каражат топтоо күнү 2025" иш-чарасын өткөрүүнүн алкагында Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2025-жылдын 27-октябрынан тартып 30-октябрь к үндөрү атайын көчмө лекцияларды өткөрдү

Көчмө лекцияларга Ош шаарынын М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттери, ошондой эле Ноокат районунун Тажибай атындагы орто мектебинин, Өзгөн районунун Куршаб айылынын А.Таңатаров атындагы № 14 жана Токтогул атындагы № 49 орто мектептеринин жана Кара-Суу районунун Э.Тельман атындагы № 49 жана Манас атындагы № 112 орто мектептеринин окуучулары катышты. 

Лекцияларда практикалык мааниге ээ болгон төмөнкү темалар каралды: 

- улуттук валютанын өнүгүү баскычтары; 

- улуттук валютанын коргоо белгилери; 

- QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү

- кредит; 

- аманат; 

- каражат топтоо; 

- жаштардын финансылык алдамчылыкка тартылуусун алдын алуу жөнүндө

Дүйнөлүк каражат топтоо-2025 күнүнө катышкандардын жалпы саны 600дөн ашты.