Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата иш-чараларынын алкагында, 2025-жылдын 27-октябрынан тартып 29-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү Кочкор жана Жумгал райондорунун медициналык мекемелеринин кызматкерлери жана Нарын шаарындагы Э.Ибраев атындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү.   

Лекция учурунда медициналык кызматкерлер менен окуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, топтолгон акча каражаттарын сактоо, үнөмдөө, көбөйтүү, QR-коддорду колдонуу жана улуттук валютанын өнүгүү этаптары тууралуу маалыматтар берилди