Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2025-жылдын 30-октябрында «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү–2025» иш-чарасынын алкагында, Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы Ж. Абдрахманов атындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекция өткөрүштү.  

Лекциянын жүрүшүндө окуучулар каражат топтоонун маанилүүлүгү, аны сактоо жана көбөйтүү ыкмалары жөнүндө маалымат алышты.   

Мындан сырткары, улуттук валюта сомдун калыптануу тарыхы, QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү тууралуу жана каржы пирамида боюнча маалыматтар берилди