Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери, Дүйнөлүк каражат топтоо күнү–2025 иш-чарасынын алкагында, 2025-жылдын 27-30-октябрь күндөрү Манас шаарынын С. Давлетов атындагы № 14 инновациялык мектеп-лицейинин, Б. Осмонов атындагы № 5 орто жалпы билим берүүчү мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына жана К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттин 2, 3 жана 4-курстагы студенттерине көчмө лекцияларды өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү этаптары жана эскилиги жеткен жана жараксыз банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу тууралуу айтып беришти.
Мындан тышкары, студенттер үчүн Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясатынын негизги багытары жана республиканын аймактарында төлөм системаларын өнүктүрүү боюнча маалымат берилди.







