2025-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында «Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу механизми» боюнча пресс-конференция болуп өттү. Ага Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев, «Түндүк» ААК башкармалыгынын төрайымы Адилет Жумаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги Элизат Жапарова жана кредиттик бюролордун өкүлдөрү катышты.  

Пресс-конференцияда «Түндүк» платформасынан кызматты тандоодон баштап, суроо-талапты тастыктоо, чектөөнү белгилөө, ошондой эле алып салуу менен аяктаган кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салууну активдештирүүнүн толук нускоосу көрсөтүлдү

Эскерте кетсек, кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу бул өзү билбестен анын атына кредиттердин таризделиши боюнча финансылык алдамчылыкка жол бербөө максатында, жарандын кредиттерди жана зайымдарды өз атына алуудан ыктыярдуу баш тартуусу. 

“Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө” мыйзам 2025-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирет.