Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2025-жылдын 29-октябрында «Дүйнөлүк каражат топтоо – 2025» күнүнө карата иш-чаранын алкагында Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларына көчмө лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө окуучулар каражат топтоонун маанилүүлүгү, аны сактоо жана көбөйтүү ыкмалары жөнүндө маалымат алышты.
Мындан сырткары, Улуттук банктын ишмердүүлүгү, улуттук валютанын өнүгүү тарыхы, коргоо элементтеринин белгилери, акчага аяр мамиле жасоо, ошондой эле эскилиги жеткен банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу эрежелери тууралуу маалымат берилди.







